Ысык-Көлдө кырсыкка кабылган тик учактын себептерин аныктоо иштери уланууда

18-июлда Ысык-Көл облусунун Сары-Жаз аймагында кырсыкка кабылган тик учактын себептерин териштирүү боюнча комиссия аныктоо иштерин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдирди. 

Маалыматта “18-июлда тик учактын экипажына Ысык-Көл облусунун 5000 метрден ашуун бийиктиктеги Түндүк Эңилчек аймагында акырегин сындырып алган альпинистти эвакуациялоо жөнүндө маалымат келип түшкөн. Ал эми куткаруучуларга жабырлануучуга жетүү үчүн бир суткадан ашуун убакыт керек болмок. Экипаждын командири куткаруу операциясын жүргүзүүгө чечим кабыл алды. Саат 10:15ке жакын конуу учурунда шамалдын кескин, катуу өзгөрүүсүндө тик учак капталына жыгылып, көмкөрүлүп кетти. Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги менен авариянын себептерин тескөө боюнча комиссия ыкчам түзүлүп, альпинисттерди жана жыгылган тик учактын экипажын эвакуациялоо боюнча иштер уюштурулду. Куткаруу операциясы 16:00дө башталып, 18:30да аяктады” деп айтылат.  

Ал эми жабырлануучу альпинист, Орусиянын жараны Шарифулин Владимир ар кандай оорчулуктагы жарааттары менен базага, андан кийин Бишкек шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген. Тик учактын экипажы КР КК аскердик госпиталында текшерүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
golden_boy_KG
2014-07-21 15:13:02
эскирип жарабай калдыда алар качангы верталоттор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан