Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы Аманкул Балтабаевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу боюнча жарлыкка кол койду.
Жарлыкка КРнын Судьяларынын кеңешинин сунушу боюнча жана КРнын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, “КР судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде кол коюлду. Президенттик аппараттан билдиргендей, Балтабаев кызматынан ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жарамсыз болгондугуна байланыштуу бошотулууда.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.