Өмүрбек Текебаев Венеция комиссиясынын мүчөсү болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 21-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка Кыргызстан менен Укук аркылуу демократия үчүн европалык комиссиянын (Венеция комиссиясынын) кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60, 65-беренелерине ылайык кол коюлган.

Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Текебаев Өмүрбек Чиркешович Кыргыз Республикасынын Венеция комиссиясындагы мүчөсү, ал эми КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Нарымбаев Данияр Ильич анын орун басары болуп дайындалды.

Тышкы иштер министрлигине ушул жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү милдети тапшырылды. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан