Ак үй алдында депутат Карганбек Самаковго каршы митинг өттү

Бүгүн, 21-июлда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында депутат Карганбек Самаковго каршы Чүй облусунун Аламүдүн районунун 20дан ашуун тургуну нааразылык акциясын өткөрдү. Нааразылык акциясына чыккандар депутат Самаков райондогу Кара-Жыгач айылынын карамагындагы жер тилкесин мыйзамсыз кестирип алып, аны сатып жатканын айтышты. Эми нааразы тарап депутатка "ал жерди кайра айылдын карамагына кайтарсын" деген талап коюп, тарап кетишти. Самаков эл менен жолугушкан жок. 

Айта кетсек, Карганбек Самаков жакында өзүнүн партиясын түптөгөнүн, “Ата Мекен” партиясынан чыкканын билдирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан