Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында 23 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 25 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу 21-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакчада тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан улам 700 чарчы метр куураган чөп күйгөн.
Ал эми Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында ГАЗ-53 жүк ташуучу унаа 200 түк чөп менен кошо күйүп кеткен. Айдоочусу бетинен, колунан күйүк алып, өрт өчүрүүчүлөр жеткенче Сокулук районунун ооруканасына жеткирилген (аты-жөнү такталууда).
Мындан сырткары Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүндө шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын 240 чарчы метр чатыры, 4 тонна чөп, 1 куб жыгач, 2 тонна тезек күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.