Бишкекте Башкы прокуратуранын жаңы имаратынын ачылышы болду

Бишкек шаарында КРнын Башкы прокуратурасынын жаңы имараты ачылды. Салтанаттуу иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, төрага Асылбек Жээнбеков, Башкы прокурор Аида Салянова жана бир катар депутаттар катышты. Алмазбек Атамбаев жаңы имараттын ачылышы менен Башкы прокуратура кызматкерлерин куттуктап, бул имаратты куруу иши мындан 11 жыл мурда эле көтөрүлгөнүн белгиледи.

Айта кетсек, Башкы прокуратуранын "Ала-Тоо" аянтынын жанындагы имараты 2010-жылы 7-апрель окуясы учурунда өрттөлүп кетип, Башкы прокуратура буга чейин Конституциялык Соттун имаратында жайгашып келген. Жаңы имарат шаардын Токтоналиев көчөсү-139 дарегинде жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан