Аламүдүн районунда "18 жаштагы кызды зордуктады" деген шек менен Ысык-Көл облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу 21-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына Аламүдүн районунун 38 жаштагы жашоочусу кайрылган. Ал 19-июль күнү Новопокровка айылында белгисиз адам 18 жаштагы кызын зордуктап кеткенин айткан. Жабырлануучу шектүү жаранды сүрөттөп бергенден кийин укук коргоо органдары тарабынан Ысык-Көл облусунда 1985-жылы туулган жаран колго түшүрүлдү. Ал кылмышын мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.