Украина. Малайзиялык учак жарылган жерден 282 адамдын денеси табылды

Бишкек убактысы менен саат 19:00дөгү маалыматка караганда, малайзиялык Боинг учагы жарылган Украинанын Донецк облусунда 282 адамдын денеси жана 16 денеге тиешелүү 87 дене бөлүгү табылды. Маалыматка ылайык, кырсык болгон аянттын 120 чарчы чакырымы изилденди. Бул тууралуу 21-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Белгилүү болгондой, кырсыктын чоо-жайын изилдөө үчүн Харьков шаарына эл аралык эксперттер келишти. Алардын арасында көп жаранын жоготкон Нидерландыдан 23 адис, Германиядан 2, АКШдан 2, Улуу Британиядан 2 жана Австралиядан 3 өкүл бар. Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк көп жоготууга учураган Нидерланды мамлекети тергөө иштерине жетекчилик кылышы керектигин билдирди. Мындан сырткары Украинанын президенти Пётр Порошенко учак кулаган аймакта атышууну токтотууну буюрду. Ал тергөө иштери ачык-айкын болуш үчүн орусиялык эксперттерге чакыруу жөнөткөнүн кошумчалады. 

Эске салсак, Украинанын Донецк облусунда 17-июлда малайзиялык Боинг 777 учагы жарылып, 298 адам каза тапты. Учакта Нидерландынын 192 жараны (алардын бири эки өлкөнүн: АКШ менен Нидерландынын жараны болгон), Малайзиянын - 44 (арасында 15 экипаждын мүчөсү жана 2 ымыркай), Австралиянын - 27, Индонезиянын - 12, Улуу Британиянын - 10 (алардын бири эки өлкөнүн: Улуу Британия менен Түштүк Африка Республикасынын жараны экени белгилүү болду), Бельгиянын - 4, Германиянын - 4, Филиппиндин - 3, Канаданын - 1, Жаңы Зеландиянын 1 жараны болгону аныкталды. Киев учакты Донецк облусундагы "элдик республика" орноткондор атып түшүрүштү дешсе, алар 10 миң метр бийиктиктеги учакты атууга куралдары жок экенин айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Karysh
2014-07-22 01:49:20
Кайгылуу окуя ((
0
Nariste...12
2014-07-22 01:52:38
Кудай сакта..
+1
ulanamirbekov
2014-07-22 02:10:50
бунун баарын Америка кылган Россия менен Украинаны уруштуруш үчүн
0
kursantbek
2014-07-22 05:53:52
ulanamirbekov, Америка уруштурушу мумкун бирок буну кылган жок ал кантип кылышы мумкун ???
-1
gulia90
2014-07-22 08:35:09
Анын баары бизге карангы да. Аябай кайгылуу.
0
youngyoung
2014-07-22 11:34:04
Атышуу аймагында жарылып жатат,техникалык каталардын болушуна кумон аз. Малайзиялыктарга кудай сабыр берсин, жазда жоголгон учагы алигиче табылбады, эми минтип ойдо жок жерде бироонун кызыкчылыгынын курманы болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан