Өкмөт: “Быйыл дыйкандар үчүн 550 миң сом үнөмдөлдү”

“Жылдын башынан бери сырттан жер семирткичтерди алып келип, дыйкандар үчүн 550 миң сом үнөмдөп бердик”,- деп жооп берди журналисттердин суроолоруна бүгүн, 21-июлда КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев.

Анын айтымында, сырттан сатып алуу таңсыктыкка байланыштуу эмес, сезондук өсүп кетүүдөн сактоо максатында жүрүүдө. “Жыл сайын сырттан алып келе турган механизмдерди түзүүнү пландап жатабыз. Жакында 150 миң тонна буудайды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр болууда. Муну менен буудайды өндүрүүнү кыскартып, техникалык өсүмдүктөрдү өндүрүүгө ниеттенип жатабыз”,- деди Сарпашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан