Жогорку Кеңеште депутаттардын фракциядан чыгып депутаттык топторго жана коалициялык көпчүлүккө кошулуусуна жол берген мыйзам долбоору кабыл алынды. Депутат Хажимурат Коркмазов тарабынан демилгеленген бул мыйзам ЖКнын 19-январдагы кезексиз жыйынында көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болду. Буга ылайык, мындан ары түрдүү себептер менен фракциядан чыгарылган депутаттар расмий түрдө парламенттик көпчүлүк же оппозициялык азчылыкка кире алат.