Баткендин чек арадагы аймагынан авиажардыргыч табылды

Баткендин Жылуу-Суу жергесиндеги "Кожо-Жар" чек ара аймагынан 20-июль күнү авиажардыргыч табылды. Азыркы тапта жардыргыч табылган жерде иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмү билдирди.
"Мамлекеттик чек араны коргоо жана күзөтүү, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракеттерин жоюу жана 1999-2000-жылдардагы окуяларды эске алуу менен атайын топ түзүлгөн. Борбордук аппараттын офицерлеринен куралган топ издөө иштерин жүргүзүп, натыйжада авиажардыргыч табылды" деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан