КРнын Премьер-министри
Жоомарт Оторбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Камбар-Ата-2 ГЭСинде болду. Бул тууралуу 21-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы экинчи агрегатын ишке киргизүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын айтып: "Азыркы тапта экинчи агрегат үчүн Евразия банкынан 80 миллион доллар алуу боюнча келишим түзүлдү. Кубаттуулугу 120 мВт болгон жабдык орнотулгандан кийин Камбар-Ата-2 ГЭСинин энергия өндүрүүсү үч эсеге көбөйөт",- деди өкмөт башчы.
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев: "Экинчи агрегатты ишке киргизүү 2016-жылга күтүлүп жатат. Ал эми үчүнчү агрегат Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин орнотулат",- деди.