“Бүгүнкү күнү өлкө боюнча күйүүчү май кымбаттаганы менен, ага таңсыктык жок”,- деп жооп берди журналисттердин суроолоруна бүгүн, 21-июлда КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев.
Анын айтымында, күйүүчү майдын кымбатташына Орусиядагы нефть өндүрүүчү ишканадагы жарылуу негизги себептердин бири болууда. “Күйүүчү майдын баасы тоннасына 200 долларга чейин көтөрүлдү. Бирок буга карабастан, Кыргызстанда болгон майдын көлөмү жайкы-күзгү түшүм чогултууга толугу менен жетет. Мындан тышкары башка компаниялар да күйүүчү майды алып келишүүдө”,- деп түшүндүрдү Сарпашев.