Боом капчыгайындагы жол кырсыгынан 1 адам набыт болуп, 6 адам жаракат алды

Боом капчыгайындагы жол кырсыгынан 1 адам набыт болуп, 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 19-июль күнү саат 22:30дар чамасында орун алган жол кырсыгы боюнча Кемин райондук ички иштер органдары иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. 
 
Окуя Бишкек -Торугарт унаа жолунун 117-чакырымында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, Ауди-100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып рулду башкара албай калган. Жолдун каршы тилкесине чыгып, бетон тосмону сүзгөн. Унааны Чүй облусунун 20 жаштагы тургуну Б.Б. башкарып келгени аныкталган.
Кырсыктан улам Нарын облусунун тургуну, 20 жаштагы Болотбек уулу Н. аттуу жүргүнчү көз жумуп, 6 адам жаракат алды. Алардын ичинде 2003-жылы туулган бала да бар. Алар Нарындан туугандарын акыркы сапарга узатуу зыйнатынан келе жаткандыгы белгилүү болгон. Жаракат алгандардын төртөөсү Бишкекте дарыланышууда. Аталган кырсык боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Krasnyi.kg
2014-07-21 19:54:34
акырыныраак айдашса болбойбу айдочулар. Озун омурун эмес, башка жургунчулордун омурун алат кобунчо
0
galaxyS4
2014-07-22 07:12:22
akyrky kundoru internet barak4alardan jalan jaman ters janylyktardy ygyp kaldyk goi... metro, samolet,avariya, gazza, irak j.b. Allahym ozu jenildik bersin bardygybyzga amiiiin
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан