Кытайдагы "Рамассун" тайфуну 33 адамдын өмүрүн алса, 16 адам дайынсыз болууда. Жаратылыш кырсыгы болгон аймакта турак үйлөр жараксыз абалга келип, куткаруу иштерин жүргүзүүгө аба ырайы тоскоолдуктарды жаратууда. Тайфун орун алган аймак 30 миллиард доллар чыгым тартты. Акыркы 40 жылдан бери ири өлчөмдө зыян келтирип, адам өмүрүн алган кырсыктан улам 608 миңден ашуун тургун эвакуацияланды. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 48 метрге чейин жетүүдө. Тайфун Гуандун, Хайнань провинцияларын, Гуанси-Чжуан автономдуу районундагы ондогон шаарларды аралап өткөн. Бул тууралуу 21-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.