Садык Шер-Нияз "Замандаш-Современник" партиясынын тең төрагасы болуп шайланды
Белгилүү кинорежиссёр Садык Шер-Нияз "Замандаш-Современник" саясий партиясынын тең төрагасы болуп шайланды. Мындай чечим аталган партиянын саясий кеңешинин бүгүн, 19-январда өткөн жыйынында кабыл алынды. Садык Шер-Нияз буга чейин "Айтыш" коомдук фондун жетектеп келген.