Айыл жергесиндеги жаштарга колдоо көрсөтүү жана ар улуттагы жаштардын достугун бекемдөө максатында түзүлгөн борборлор чет элдик донорлордун көмөгү менен ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу 22-июлда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Республика боюнча 45 жаштар борбору, 4 жаштар үйү иштеп жатат. Жалал-Абад облусунда – 12 борбор жана 1 жаштардын муниципалдык комплекси, Ош - 10 жаштар борбору, Талас - 1 жаштар борбору жана 1 жаштар үйү, Нарын - 6 борбор, 1 жаштар үйү жана 1 жаштардын телестудиясы, Чүй - 3 борбор жана 1 жаштар үйү, Бишкек шаарында - 1 жаштар борбору жана 2 жаштар аудиториясы, Ысык-Көлдө – 7 борбор, Баткен – 5 борбор, 1 жаштар үйү.Жогорудагы борборлордо министрлик бейөкмөт уюмдар менен биргеликте иш алып барат. Ал жерде жаштар дүйнө таанымын кеңейтип, кыска мөөнөттүү курстарга катыша алышат.