Ала-Бука районунда отко этиятсыз мамиле кылгандан улам М.Умарованын 40 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган бастырмасы өрттөнгөн. Анда 200 боо жүгөрү бакалы күйгөн.
Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айыл өкмөтүндө 1990-жылы туулган Абдылда уулу Эрлан Скания 113 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны башкарып бара жаткан. Автоунаадагы 300 даана түк чөп электр зымына тийип өрт чыгып, толугу менен күйгөн.
Таш-Көмүр шаарында Фольскваген Пассат универсал автоунаанын ээси Шеримбай Абдураимов мас абалында автоунааны башкара албай, унаа толугу менен күйгөн. Ичиндеги 2001-жылы туулган баласы Бекзат Абдураимов жеңил жаракат алган. Бул тууралуу 22-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.