Алай районунда жеңил унаа 20 метр бийиктиктен кулап, бир адам каза тапты

Ош облусунун Алай районунда жеңил унаа 20 метр бийиктиктен кулап, бир адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 22-июлда билдирди. Маалыматтарга караганда, Күн-Элек айылында, Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолунун 102-чакырымында Фольксваген үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, 20 метр бийиктиктен сайга түшүп кеткен. Анын кесепетинен унаанын айдоочусу, 1969-жылы туулган А.Исмаилов каза болгон.

Окуя болгон жерге КРнын ӨКМнын №68-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгышып, каза болгон айдоочунун сөөгүн чыгарышып, Алай райондук өлүктөрдү сактоочу жайга жеткиришкен.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chon-Alai-kg0101
2014-07-22 16:18:10
Кудай сактасын! Жаткан жери жайлуу болсун. Маркум дагын Алайлык бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан