18-январда, кечки саат 17:00дө Кара-Балта шаарынын "смотрящийи" аталып жүргөн 29 жаштагы Урмат Садабаевди өз үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Маалыматка караганда, аталган жаран шаардын "смотрящийи" жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кара-Балта ШИИБинин каттоосунда турган. Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерден Макаров үлгүсүндөгү тапанчадан атылган 2 ок табышты. Болжолдуу иликтөөлөргө караганда, У.Садабаевди үйүнө келе жаткан учурда атышкан. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.