Алай районунун борбору Гүлчө айылындагы базардын айланасын тартипке келтирүү максатында рейд жүргүзүлдү. Бул туурасында аталган райондун администрациясынан Кыялбек Мажитов бүгүн, 22-июлда билдирди.
Рейддин жүрүшүндө Нарматов көчөсүндөгү мыйзамсыз курулган объектилерде, жол жээгиндеги сатуучуларга, көчөгө коюлган автоунаанын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай демилгени райондун акими Таалай Сарыбашов көтөргөн. Жыйынтыгында кээ бир жетекчилерге базарды көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.