"Бишкек шаарынын тургунун тоноп кетишкен" деген шек менен 2 айым кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, борбор калаанын Нурзада аттуу тургунун белгисиз 2 айым күч колдонуп тоноп, акчасын тартып алышкан.
Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында шектүү катары М.Э. жана З.Ж. аттуу 24 жаштагы 2 айым кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.