Вице-премьер-министр: “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштеген ишканалар буйрутмаларды көбүрөөк алышы керек”

Бүгүн, 22-июлда вице-премьер-министр Эльвира Сариева Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Бишкектеги №1-окуу-өндүрүштүк ишканасында болду. Өкмөт аппараты билдиргендей, вице-премьер аталган коомдун мүчөлөрү жасап чыгарган продукциянын үлгүлөрү менен таанышып чыкты.

Ал өкмөт мурда кабыл алган токтомго ылайык, дүлөйлөр коомунун ишканалары мамлекеттик буйрутмаларды жайгаштырууга катыша турганын айтты.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мамлекет тараптан камкордукка муктаж. Биздин колдон келе турган көмөгүбүз – алардын адал эмгегин татыктуу айлык менен камсыздоо. Иш орундарын түзүү жана мамлекеттик буйрутмаларды берүү менен биз эмгекке умтулган адамдарга колдоо көрсөтөбүз. 

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому чыгарган продукциялар сапат жагынан атаандаштыктан артта калбайт. Мамлекеттик буйрутмага жеткиликтүүлүктү камсыздоо менен көбүрөөк буйрутма жайгаштыруу зарыл. Ал аркылуу биз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өлкөнүн коомдук жашоосуна толук кандуу жана тең катар катышуусуна шарт түзө алабыз,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан