Бишкектин “Түштүк дарбазасы” сейил багында криминалдуу спортчулардын тобу менен уюшкан кылмыштуу тобунун ортосундагы ок атышууга негизги шектүү болгон жаран кармалды. Бул тууралуу 22-июлда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматтарга караганда, 2013-жылдын февраль айында Бишкектин "Түштүк дарбазасы" сейил багында белгисиз адамдар жолугушуп, ортодо чыккан уруштун айынан ок атышуу орун алган. Жыйынтыгында Мирлан Атабеков жана Мирлан Жоробаев аттуу жарандарга ок тийип, М.Жоробаев алган жараатынан ооруканада каза болгон.
Кийинчерээк ал жолугушуу уюшкан кылмыштуу топтун жана криминалдуу спортчулардын тобунун ортосунда болгондугу аныкталган. Ал жерге спортчуларды Касым ломбардщик деген каймана аты бар Касым Эргешов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен жолугушууга баштап келген. Жолугушуу учурунда мушташ чыгып кетип, ок атуучу жана травматикалык тапанчалардан ок чыгарылган.
Аз убакыт өткөн соң бул атышууга тиешеси бар Жеңиш Дөөталиев кармалып, ал өз жазасын алган. Ал эми негизги шектүү болгон Касым Эргешов из жашырып кетүүгө үлгүргөн.
Атайын жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында издөөгө алынган Касым Эргешов ушул жылдын 17-июль күнү Бишкекте кармалган. Учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча иликтөө иштери уланууда.