Чүйдө Жол-кайгуул кызматынын инспекторун сабап, погонун жулуп алган айдоочу камакка алынды

Чүйдө Жол-кайгуул кызматынын инспекторун бир нече ирет чаап, погонун жулуп алган айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Бишкек-Торугарт жолунан Форд-Фокус унаасы жол-кайгуул кызматкерлеринин буйругуна баш ийбей, токтобой качууга аракет кылган. Кийин МАИ кызматкерлери аталган унааны кууп жетишкенде, анын айдоочусу мас абалда экени белгилүү болгон. Айдоочу ал жерден жол-кайгуул кызматкерлерине күч колдонуп, алардын бирин бир нече ирет чаап, погонун жулуп алган. 

Мындай иш-аракеттеринен соң, МАИ кызматкерлери аталган жаранды милиция бөлүмүнө алып келишип, ага карата “бейбаштык” беренеси менен иш козголгон. Иликтөөдө кармалган жаран Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургуну экени аныкталган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ayakosya
2014-07-22 13:31:53
Погонун жулуп орттоп салса болчу экен. Штраф которулгон сон МАИчилер эптеп эле шылтоо издеп калышкан
0
tabyshmak
2014-07-22 20:44:11
МАИчилерге куч колдонуппу?.. Мас абалдабы?.. Болбогон соз. Кудум эле МАИчилердин кандай экенин башкалар билбеген сыяктуу...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан