Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан “Авангард стиль” ишканасынын Аалы Токомбаев көчөсүндөгү №58/1-дарегиндеги курулуш жумуштарында мыйзам бузган фактылар аныкталган.
Мэриянын 22-июлда берген маалыматында “Компания кызматкерлери таштандыларды ыргытышып, уруксат берилбеген жерге курулуш топурактарын жыйнап коюшкан жана газон бөлүктөрүнө чоң жүк ташуучу унааларды токтотуп алышкан. Ошондой эле курулуш учурунда айрым эрежелерди бузушкан” деп айтылат.
Ал эми СЭИ тарабынан “Авангард стиль” ишканасынын жетекчилигине КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 488-беренесине ылайык протокол түзүлдү. Протокол Октябрь райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.