Азиз Батукаев Владикавказдагы тергөө абагында. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө

Азиз Батукаевди Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 22-июлда билдирди.

Эске салсак, “кримавторитет”, "мыйзамдагы ууру" аталган Азиз Батукаев Орусия Федерациясынын курамындагы Чечен Республикасында колго түшүрүлгөн. Ал Грозный шаарында Орусиянын ИИМи тарабынан кармалган.

Учурда Орусиядагы Владикавказдагы №1-СИЗОдо камакта отурат. Башкы прокуратура тарабынан анын Кыргызстанга экстрадицияланышы боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатат.

Айта кетсек, "мыйзамдагы ууру", 48 жаштагы Азиз Батукаевди 2013-жылдын 9-апрелинде Нарындагы №4-абактан кандын рак илдетине чалдыккандыгы тууралуу медициналык корутундуга таянып бошотушкан. Ошол эле күнү ал туугандары менен Грозныйга учуп кеткен. Бул факты боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. 

“А.Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар” делинген саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, ИИМдин башчысы Абдулда Суранчиев, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаевди жоопкерчиликке тартууну аталган комиссия сунуштаган. 

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча коомчулукта кызуу талкуу жүрүп, күнөөлүүлөр изделип жаткан кезде ошол учурдагы КРнын Вице-премьер-министри Шамиль Атаханов өз каалоосу менен арыз жазып, отставкага кеткен. Ушул эле окуяга катыштыгы бар деп айтылып жаткан акыйкатчы Турсунбек Акун боюнча ЖК өткөн жылы 27-июнда токтом кабыл алып, ал кызматынан четтетилген. 2014-жылдын 23-майында Азиз Батукаевге издөө жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Гулжигит
2014-07-22 12:48:22
Бажы биримдигине кирсек эле откоруп бербесе, жон эле откорбой калды го?!
+5
aigulai
2014-07-22 13:22:53
Аны откортуп алып эмне кылмак элек, келгенде бизге баш ооруу болот да андан коро жата берсин Орусиянын турмосундо
+9
kaytmas
2014-07-22 13:25:55
aigulai, туура айтасын .
0
mirbakg
2014-07-22 14:25:33
aigulai, туура айтасын аны алып келип багып эмне кереги бар ????же биздикилер алып келип дагы акчага бошотобуз деп Пландап жатышабы?
+3
ayakosya
2014-07-22 13:29:28
Келип бийликтегилердин баарын кулагын кессе экен
+8
sema.
2014-07-22 13:39:30
ai kirgiz byty poez ketken yje dyinogo wildin bolgonbyz alip kelgende abiiyr jabylyp kalbait.
0
kuba.kq8705
2014-07-22 14:02:25
kolbaev ketse batukaev kelet batukaev ketse kolbaev kelet
+3
Ayday2
2014-07-22 16:15:16
Келерине да ишенбей турамын.Токмоктогу чечен жердештеринин кебине караганда,Батукаев:"барарым арсар, эгер Кыргызстанга барсам, кимге канча бергенимди ачыктап, тасмага тартылып алынган документти жарыяласам чоңдордун жартысын абакка отурат" деп күпүлдөп жатыптыр
+3
Cho
2014-07-22 16:42:26
эч кандай эч жерде кармалган жок публикага ойлоп тапкан созу ошол убагында ким койуп жиберген болсо эми пазору чыгып ушул жанылык деп элди кичине алдап турайын деп аткандарыбы
+5
Lintel
2014-07-22 16:52:28
Cho, мен ушул жонундо ойлогонмун кармалбаса керек, кармалса да келбейт келгенде окмоттун тен жарымы КРден Батукаевке окшоп сыртка чыгып кетишет.
+2
LISICHKA
2014-07-22 18:15:44
Политика оюну даеп коет муну.Кулака лапша илмей,элди алдамай куру момпосуй менен.
0
91mele
2014-07-23 00:10:19
Башым кесип берем апкелсенер колдон келген ишти кылбайлыбы
+1
kyrgyz.93
2014-07-23 12:00:34
Айнанайындарым бул адамды кыргызстан кармай албайт эми
+1
kyrgyz.93
2014-07-23 12:02:42
Атамбаев ден соолугун сурап келгиле деп жонотсо керекго кармагыла дебей эле
+3
Survey
2014-07-23 12:49:05
алып келип эмне кыласынар, пайдасы барбы бизге мунун?андан коро кадыржан батыров деген канкорду алып келип бергиле мына ошондо кыргыз эли бир кылым бугунку бийликти мактап отоор эле.эн жакшы иш болгон атамбаедин тушунда деп!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан