Бүгүн, 22-июлда вице-премьер Абдырахман Маматалиев өкмөт аппаратынын коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Маматалиев жарандардын арыздарын, өтүнүчтөрүн жана сунуштарын укту. Негизинен жарандар тарабынан суроолор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аралык талаш жер тилкелери боюнча көмөк көрсөтүү, турак жай маселесин чечүү, ишке орношуу жана укук коргоо органдарынын аракетсиздигине байланыштуу берилди. Вице-премьер тийиштүү орган жетекчилерине жарандардын көйгөйүн чечүү боюнча жеринде тапшырмаларды берип, бардык көтөрүлгөн суроолор көзөмөлгө алына тургандыгын билдирди. “Кичине же чоң көйгөй деп бөлүп кароого болбойт. Ар бир кайрылуу бийлик үчүн аракет кылууга жетекчилик катары кабылданышы тийиш, ал маселелерди жана көйгөйлөрдү чечүүгө багытталышы керек”,- деди ал. Ошондой эле Маматалиев: “Калк менен иштөөнүн мындай үлгүсү эң актуалдуу жана курч маселелерди өз учурунда жана натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет”,- деп кошумчалады.