Бүгүн, 22-июлда Ахматбек Келдибековдун сот иши өтмөк. Бирок бүгүнкү соттук отурумга Келдибеков алынып келинген эмес. Мындан улам сот иши 1-августка жылдырылды. Анын жактоочусу Ахматбек Келдибеков оорусуна байланыштуу келе албагандыгын жана ага дагы 5-операция жасалганы жатканын билдирди.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 2013-жылы 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 айга камоо чечимин чыгарган.