Айыл чарба министрлигине малды идентификациялоо долбоорун ишке ашыруудагы жол картаны иштеп чыгуу тапшырмасы берилди

Бүгүн, 22-июлда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев БУУнун алдындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алдыга пландаштырылган малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө тутумунун программалык камсыздоосун иштеп чыгууга ФАОнун көмөк көрсөтүү маселесин талкуулады.

Сарпашев Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин ата мекендик эт-сүт продукциясына карата талаптар жогорулай турганын айтты. “Буга байланыштуу бизге малдарды идентификациялоо боюнча чоң жана жоопкерчиликтүү ишти жүргүзүү зарыл. Үй жаныбарларын идентификациялоо мал чарбачылыктын экспорттук мүмкүндүгүн арттырууга мүмкүндүк берет”,- деди ал.

БУУнун алдындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Доржи Кинлай билдиргендей, өкмөткө малды ийгиликтүү идентификациялоого көмөк көрсөтүлөт. Жолугушуу жыйынтыгы боюнча Сарпашев айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевге бир ай ичинде малдарды идентификациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча жол картасын иштеп чыгуу тапшырылды.

Айта кетсек, республикада малдарды идентификациялоо жана көзөмөлдөө тутумун киргизүүгө Польша өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 40 миллион евро жеңилдетилген кредиттин 16 миллион евросун багыттоо пландаштырылууда. Малдарды идентификациялоо Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасын ишке ашыруу процессиндеги өкмөт программасынын стратегиялык багыттары болуп эсептелет. Фермаларды жана жандыктарды каттоону баштоо иши 2014-жылдын 1-октябрына пландаштырылууда жана ал 2016-жылдын 1-июнуна карата толук жыйынтыкталмакчы.

                                                                              

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан