Кыргызстандан баш паанек сурап кайрылган украин жарандарынын арыздары каралууда

Кыргызстандан баш паанек сурап кайрылган украин жарандарынын арыздары каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда SUPER.KG порталына Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, министрликтин качкындар менен иштөө бөлүмүнө ушул жылдын июль айынын башында үч Украинанын жараны Кыргызстандан баш паанек алууга арыз жазган. Учурда алардын документтери текшерилип жатат. Алардын бири 60 жаштагы аял болсо, экөө эркек кишилер.

Айта кетсек, Украинадагы кырдаалга байланыштуу 140 миңден ашуун украиналыктар мекенин таштап башка өлкөлөргө баш калкалоого аргасыз болушууда. Алардын көпчүлүк бөлүгү Орусиянын аймагында күн кечиришүүдө.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан