“Жогорку Кеңештин эффективдүүлүккө багытталган бюджети: өнүгүүнүн жаңы форматы” аттуу парламенттик угуу болот

“Жогорку Кеңештин эффективдүүлүккө багытталган бюджети: өнүгүүнүн жаңы форматы” аттуу парламенттик угуу болот. Иш-чара ЖКнын бюджет жана финансы боюнча комитети, ЖКнын бюджетин реформалоо боюнча жумушчу топ жана “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору тарабынан уюштурулууда. Парламенттик угууда аталган жумушчу топтун демилгелери талкууланып, эксперттердин жана жарандык коомчулуктун сунуштары угулат. Иш-чарага жумушчу топтун мүчөлөрү, депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы. Парламенттик угуу 28-январда саат 9:30да Жогорку Кеңеште орун алат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан