Вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин жакындарына таандык деген “Градиент” компаниясы өз ишин токтотту

Вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин бир тууган агасы Эмир Сарпашевге таандык деген “Градиент” компаниясы өз ишин токтотту. Мындай чечим май айында кабыл алынганын бүгүн, 22-июлда SUPER.KG порталына компаниядан билдиришти.

Маалым болгондой, компаниянын өз ишин токтотуусуна айрым саясатчылардын биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевге карата туура эмес айтылган пикирлери себеп болгон.

Маалыматта “Компания өз ишин май айында токтотууга мажбур болду. Анткени компаниянын айланасында чуу чыгып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Бирок комиссия компаниянын бир да катачылыгын таап чыга албады. Таза иштеген компания экени далилденди. Ал эми "компания биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевдики" деп туура эмес айтылган пикирлер пайда болгондуктан, компания жабылып отурат. Анын ордуна башка ишкана да ачылган жок. Болгону “сатып алуу иштерине катышып, тендерлердин баарын утуп алып жатат” деген ойлор айтылган. Андан сырткары 2014-жылдын апрель айында Дастан Бекешев сунуштаган мыйзамга ылайык, мамлекеттик чиновниктердин тиешеси бар компаниялар мамлекеттик тендерге катышуусуна тыюу салган мыйзам кабыл алган” деп айтылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан