Бишкектеги Улуттук университеттин ректору кызматынан бошонуу тууралуу арыз жазды

Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Искендер Исамидинов бүгүн, 22-июлда ээлеген кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда Исамидинов эмне себептен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы айтыла элек. Ал эми анын арызына өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин кол коюшу күтүлүүдө.  

Айта кетсек, Искендер Исамидинов 2011-жылдын июль айынан бери аталган окуу жайдын ректору болуп эмгектенип келет. Өткөн жылы Исамидиновго Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бюджеттик каражатты негизсиз пайдаланганы боюнча кылмыш иши козголгонун айтып чыккан болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан