Жалал-Абадда 2010-жылкы Июнь окуяларында “Санпа” пахта тазалоочу заводунун жанында адамдарды өлтүрүүгө шектелген дагы бир жаран кармалды

Жалал-Абадда 2010-жылкы Июнь окуяларында “Санпа” пахта тазалоочу заводунун жанында адамдарды өлтүрүүгө шектелген дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен бүгүн, 22-июлда билдиришти.

Атайын жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында милиция кызматкерлери Сузак районунан “Санпа” окуясына тиешеси бар деген шек менен 48 жаштагы жаранды кармашкан. Анын туугандарынын үйүн тинтүүгө алууда ок атуучу курал жана РГД-5 гранатасы табылган.

Эске салсак, 2010-жылы Бишкек-Ош унаа жолунун Топурак-Бел аймагындагы “Санпа” пахта тазалоочу заводунун жанынан ашууга мазут төгүшүп, өткөн-кеткен унааларды белгисиз адамдар аткылап турушкан. Жыйынтыгында 16 адам өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүп, 11 унаа өрттөлгөн. Ошондой эле 2 адам дайынсыз жоголуп, 30 адам ар түрдүү жаракат алышкан.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 19 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 18 адамга өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча чечим угузулган.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
juroguak
2014-07-22 18:54:39
озбектерби же кыргыздарбы? кайсы улуттун адамдары екен?
0
Dooron
2014-07-22 19:27:47
Кандай чоң, кандай оор окуя болгон!? Ушуну бийлик унутпашы керек эле. Тилекке каршы буга күнөлүлөрдү дагы кайда экенин билип туруп кармаганга дарамети жетпей жатат. Билсе дагы билмексен болот. Күнөлүлөрдү кармап камаса кийин кайталанбашынын алдын алган бир иш болмок. Деги эле бул окуяга эмес ж.б.у.с окуяларга "Кыргызстандын" келечеги үчүн кайдыгер болбой көзүңү аччы бийлик!!!
+8
Manasasman
2014-07-22 20:23:17
Dooron, бийликте ач коз озумчул эгоист, озун суйгон гана адамдар олтурса, кайсы келечек кайсы онугу. З бийлик алмашты башы эле жок калганы ошол бойдон калды. Мамлекеттин акыбалы бул ыйлагын келет алсыз. Азап чеккен кайран эл, кан тогуп келечек деп бийликти алып келет, алардын кылганы ушул....
+2
Akabai
2014-07-23 00:09:02
Кадыржан Баатыров дегенди эмнеге ушул убака чейин кармап алып келе албайт дейм да ушул бийлик
+5
Kypkyrgyzz
2014-07-23 09:47:26
Akabai, кызык екенсинер го оздору качырышса кайра кармап келмек беле
+3
muslimkg
2014-07-23 07:36:13
Ал жерде коп дел ок атылган эмес жолго асфальт чакычын тогушкон экен машиналар чыга албай бир жерге топтоло берген анан кармап алып ошол айбандар мыкаачылык менен олтурушкон((((
+2
admin_portal
2014-07-23 11:48:43
kuba-kg1987 - 10 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
meerimka86, Nuri-Alina - 10 күнгө БАН!
nora00 - 15 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
-1
admin_portal
2014-07-23 12:12:52
infiniti, Manasemetei, muslimkg - 10 күнгө БАН!
Такталбаган, улуттар аралык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
-3
admin_portal
2014-07-23 16:05:29
arzbek85,
Порталдын негизги эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан