2012-жылы Ош шаарында 20 жол чырак алмаштырылды. Бул маалыматты Ош шаардык мэриясынын тышкы саясат жана инвестиция тартуу боюнча комитетинин төрагасы Салкынбек Ташбаев билдирди. Анын айтымында, 2012-жылдын башында ЮСАИД уюму менен биргеликте түзүлгөн келишимге ылайык, былтыр 48,27 чакырым шаар көчөлөрүндө жарыктандыруучу каражаттар жаңыланды жана алмаштырылды. Ошондой эле шаарга кошумча жол чырактар орнотулгандан кийин жол кырсыгы 58 пайызга азайганын билдирет Ташбаев.