
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы президенттик шайлоо өтүп,
Курманбек Бакиев экинчи ирет президент болуп шайланган.
Бир нече талапкердин ичинен кыргыз эли президент катары Курманбек Бакиевди тандап алган. Экинчи мөөнөтүн өтөөгө киришкен президент 2-августта Өкмөт үйүнүн чоң залында кыргыз эли үчүн ак кызматын өтөөрү туурасында ант берген. 2010-жылы 7-15-апрель күндөрү өлкөдө орун алган ыңкылаптан кийин Беларусь мамлекетинен баш паанек алып, КРнын аймагынан чыгып кеткен.
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы деңиз желмогуздары тууралуу уламыш тастыкталган. Тасман аралдарынын жээктеринен салмагы 250 килограмм, тинтүүрлөрүнүн узундугу 15 метрге жеткен кальмардын денеси табылган. 
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы британиялык белгилүү ырчы
Эми Уайнхаус 27 жашында өз үйүндө алкоголдук ичимдикке ууланып каза болгон.