КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев 22-июлда өкмөттүн алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөт департаментинде болду. Ал кызмат өтөгөн аскерлердин жашоо шарты менен таанышып чыкты.
Вице-премьер-министрге аталган мекемеде башка аймактардан келген аскер кызматчыларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн 2010-жылы ачылган окуу борборунун азыркы абалы жөнүндө маалымат беришти.
Кайтаруу жана күзөт департаментинин жетекчиси, полковник Эсенбек Жумакадыров мекемеде орун алган башка объектилер тууралуу айтып өттү. Соңунда вице-премьер-министр Кайтаруу жана күзөт департаментинин ардагерлери менен жолугушуп, коомдогу тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү маселелерин талкуулады.