Жалал-Абадда "өз курбусун бычактап өлтүргөн" деген шек менен 38 жаштагы айым кармалды. Бул тууралуу ИИМден бүгүн, 23-июлда билдиришти.
Маалыматтарга караганда, 38 жаштагы Б.Т. жана 32 жаштагы Ф.А. алкоголдук ичимдиктерин ичип отуруп уруша кетишкен. Уруш учурунда Б.Т. ашкана бычагы менен Ф.А. аттуу айымды сайып жибергенде ал окуя болгон жерде каза болгон. Бул боюнча милицияга кабарланып, шектүү жаран камакка алынган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган эки айым көптөн бери курбу болуп жүрүшкөн. Акыркы убакта экөө тең селсаяктык кылып жүргөнү белгилүү болду.
Учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.