2014-жылдын 6 ай аралыгында зордуктоолордун саны 137ге барабар болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 22,6 пайызга азайды. 2013-жылы январь-июнь аралыгында 177 зордуктоо кылмышы катталган. Үстүбүздөгү жылда зордуктоо кылмышынын бетин ачуу 98 пайызга барабар болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде атайылап ден соолукка зыян келтирүүнүн саны да кыскарган. 2013-жылы 6 ай ичинде көрсөткүч 135 болсо, бул жылы 117ге барабар болгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө атайылап ден соолукка зыян келтирүүлөрдүн 95 пайызынын бети ачылган. Ал эми бейбаштык менен кол салуу Бишкек шаарында, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Талас облустарында өскөн. Фактылар боюнча иш алып барылып, 89,4 пайыз кылмыштын бети ачылган.