Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин иши боюнча сот отуруму 30-июлга жылдырылды

Бүгүн, 23-июлда Нариман Түлеевдин иши боюнча сот отуруму 30-июлга жылдырылды. Бул жөнүндө бүгүнкү сот отурумунда белгилүү болду. Маалыматтарга караганда, сот отуруму Нариман Түлеев менен бирге айыпталып жаткан Р.Бейшенбаевдин ден соолугуна байланыштуу келе албай калгандыгынан улам жылдырылды.   
Эске салсак, 2013-жылы 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал коррупциялык иштер боюнча айыпталган. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chon-alai90
2014-07-23 11:45:47
Ошентип жылдыра берет сотун кыргызга керек адамдарды жок кылганы калды.ооба ак ийилет бирок сынбайт. Молочик Тулеев.Келдикбеков Мырзакматов силер кыргыздын чыныгы баатырларысынар.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан