Бүгүн, 23-июлда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюнун уюштуруу боюнча чогулуш өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматта Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюнун бул жылы өткөрүүнү Туризм департаменти демилгелегени айтылат. Чогулушта Борбор Азиянын көчмөн элинин салты боюнча сценарийдин элементтерин иштеп чыгуу үчүн бул иш-чаранын режиссёруна жардам берүүгө тарыхчы эксперт тартылыш керектиги айтылды.
Ал эми Улуттук маданият борборунун башчысы Рыскул Боронбаев иш-чаранын сценарийине оюндун ачылышы жана жабылышы камтылганын айтты. "Оюндун ачылышына 500 адам катышары пландалса, жабылышында чет элдик жана жергиликтүү эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт уюштуруу пландалууда" деп айтылат маалыматта.