Өкмөт: “Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард метр кубга аз болууда”

“Бүгүнкү күнү Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11,5 миллиард метр куб”,- деди бүгүн, 23-июлда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев.

Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард метр кубга азыраак. “Тилекке каршы, Токтогул суу сактагычына секундасына 465 метр куб суу агып кирет. Бул акыркы 7 жылдын эң төмөн көрсөткүчү. Ошондуктан кыргызстандыктар кышкы сезонго жакшы даярданышы керек”,- деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан