Премьер-министр: “Баткен облусундагы жолдун курулушу чек арадагы кырдаал толугу менен турукташканда башталат”

“Баткен облусундагы Ак-Сай – Көк-Таш – Тамдык – Кишемиш унаа жолунун курулушу чек арадагы кырдаал толугу менен турукташканда башталат”,- деди бүгүн, 23-июлда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев.

Анын айтымында, учурда КРнын Өкмөтү тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. “Чек арага жакын жайгашкан айылдарда абал акыркы окуялардан улам басыла элек. Кырдаал толугу менен басылганда курулушту баштайбыз”,- деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан