“Келе жаткан кышта Өзбекстан Кыргызстандын түштүк аймагына газ бербейт”,- деди бүгүн, 23-июлда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев.
“Кудай бизге энергетика боюнча жакшы шарттарды түзүп берген. Биз муну толугу менен, туура пайдаланышыбыз керек. Кыргызстандыктар кышка көмүр камдашы зарыл болууда. "Кара-Кече" көмүр кенинде чоң Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) курушубуз керек. Бул биздин ири долбоорлорубуздун бири болуп саналат”,- деди премьер-министр. Мындан тышкары өкмөт өкүлү быйылкы жылы Кыргызстанда суунун аздыгына тынчсызданып жатканын билдирди.