Өкмөт: “Жантөрө Сатыбалдиев менен иштешкен чиновниктер кызматтарынан алынат”

КРнын мурунку Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясында жооптуу кызматтарды ээлеген 12 чиновник кызматтарынан бошотулат. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда маалымат жыйынында КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын курамына кирген “Ата Мекен”, КСДП, “Ар-намыс” фракцияларынын лидерлери андан 2010-жылы Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик дирекциясынын мурдагы жетекчилерин кызматтан алууну суранышкан. “Эсеп палатасында бул тууралуу тиешелүү документтер бар”,- деди өкмөт башчысы.

Айта кетсек, кызматтан алууга талап кылынган 12 чиновниктин катарында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков, өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары Каданбай Бактыгулов жана Каржы министрлигинин Баалуу металлдар департаментинин башчысы Молдобазар Эркебаевдер бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан