“Менин Монголияга болгон иш сапарым 4 күнгө созулган: 1 күн иш жүргүзгөм, 3 күн эмгек өргүүсүн алгам. Ошондуктан мен жеке учагым менен эмес, рейстик учак менен учкам. Ал бир рейсти 2-4 күндүн ичинде аткарат”,- деп түшүндүрдү журналисттерге бүгүн, 23-июлда маалымат жыйынында КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев.
“Монголия биз үчүн керектүү мамлекет, анткени ал 25 жылдан бери парламенттик демократияны жүргүзүп жатат. Монголиянын тарыхы биздикине абдан окшош. Аларда дагы постсоветтик маселелер бар”,- деди премьер-министр.
“Таза шайлоо системин орнотууда Монголия биз үчүн жакшы үлгү болуп жатат. Бул багытта ишти терең изилдеп баштадык. Иш сапарыбыз жемиштүү болду десе болот. Монголиянын жетекчилери менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз”,- деп билдирди Оторбаев.