Москва метросунда кырсыктан каза болгондордун саны 23 кишиге жетти

Москвада 15-июлда болгон метро кырсыгынан каза болгондордун саны 23 кишиге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Москва саламаттыкты сактоо департаменти чет элдик ММКларга билдирди.  

Маалыматка таянсак, бүгүн Боткин ооруканасында кырсыктан жапа чеккендердин бири көз жумду.

15-июлдагы кырсыкта Москва тургуну, 24 жаштагы кыз оор жараат алган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга болгон аракетин жасашты. Бирок бүгүн эртең менен ал каза болду”,- деп билдирди департамент.  

Буга чейин калаа мэри Сергей Собиянин Москва метрополитендин жетекчиси Иван Бесединди отставкага кетирип, анын ордуна Дмитрий Пеговду дайындаганын маалымдаган.

Учурда кырсыкка күнөөлүү деп кармалган 3 кызматкерге кылмыш иши ачылып отурат.

Эскерте кетсек, 15-июлда эртең менен "Славян бульвары" станциясынан 200 метр алыстыкта поезд тез токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Метродогу кырсыктан көз жумгандардын саны 22ден, жаракат алгандардын саны 140тан ашканы айтылган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан