АКШ президенти Барак Обама расмий түрдө ант берип, кызматына киришти

20-январда АКШ президенти болуп 2-мөөнөткө шайланган Барак Обама расмий түрдө ант берип, кызматына киришти. Америка президентинин антынын тексти төмөндөгүдөй болду: “Мен, Барак Хуссейн Обама, АКШнын президентинин милдетин так аткарууга, өз күчүмдүн жетишинче Конституцияны коргоого салтанаттуу түрдө ант беремин. Мени кудай колдосун!”. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 6-ноябрында АКШда президенттик шайлоо өтүп, анда Барак Обама шайлоочулардын 51 пайыз добушун алуу менен экинчи мөөнөткө президент болуп шайланган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан