“Хамас” Израиль тарапка бир күн ичинде 100дөн ашуун ракета соккусун урду жана Газада каза болгондор 600дөн ашты

Газа аймагында турган палестиналык “Хамас” кыймылы 22-июлда Израилге 100дөн ашуун ракеталары менен чабуул жасады. Ал эми Газада каза болгондор 600дөн ашты. Бул тууралуу Израиль бийлигине шилтеме берүү менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Андагы ракеталардын 70тен ашууну Израиль аймагына түшсө, калганы Палестинанын аймагында жарылган. Газа менен Израилдин ортосундагы согуштук аракеттер акыркы 15 күндүн ичинде курчуган. Палестинанын бийлиги эки тараптын атышуусунан 600дөн ашуун палестиналык бейкүнөө жаран көз жумганын тастыктоодо. Алардын көпчүлүгү аялдар менен жаш балдар экени айтылууда. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун кечээ Тел-Авив шаарына барып, Израиль менен “Хамас” кыймылын согуштук аракеттерин токтотууга чакырды.

Согушууну токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштагыла. Бир жылдан кийин ушундай эле кырдаалдын сакталышына жол берилбеш үчүн согуштун келип чыгуу себептерин аныктап, маселени чечкиле. Тараптар эл аралык гуманитардык мыйзамдарды сакташы керек. Биз кан төгүүлөрдү токтотууга милдеттүүбүз”,- деди Пан Ги Мун. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан